Бүгүн, 17-майда Бишкектеги “Дордой” спорт-комплексинде "Суперфутбол-2013"
мелдешинин биринчи күнкү оюндары өтүп, анда акыркы болуп майданга чыккан “Супер-Инфо” жана КТРК командаларынын беттеши аяктады. Эсеп 2:1 болуп, жеңишти КТРК командасы утуп кетти. Айта кетсек,
эртең, 18-майда саат 9:00дө мелдеш улантылып, анда алгачкы оюнду "
SUPER.KG” менен “Актёрлор” командасы баштап
бермекчи. Андан соң “Бийчилер” - “Z-Fashion”, “Билайн” – “SELA”, Мегаком – О!, “Шоро”
– “Аюу” жана “Тамашоу”- КТРК командалары беттешет. Ал эми 19-май күнү финалдык оюндар өтөт.