Владимир Жириновский: "Мен 3 гана сөз менен Кыргызстандын туризмин башка бардык жарнама кылуучуларга караганда мыкты жарнамаладым"

Жогорку Кеңеш орус саясатчысы, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновскийди Кыргызстанга киргизбөө тууралуу токтом кабыл алгандан кийин Жириновский аталган өлкөдөгү басылмалардын бирине бул маселе боюнча маек берген. 

“Мен 3 гана сөз менен Кыргызстандын туризмин башка бардык кыргызстандык жарнама кылуучуларга караганда мыкты жарнамалап бердим”,- деген Жириновский Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимге түшүнбөй жаткандыгын айтат.  

 

“Мен айткан сөздөр КМШ өлкөлөрүнүн карыздары тууралуу маселе каралып жатканда айтылган жана Орусиянын, Мамлекеттик Думанын жана менин расмий билдирүүм болуп эсептелбейт. КМШ өлкөлөрү насыя алышат да, бирок кайтарып бере алышпайт. Демек, карыздарды кайтаруунун башка жолдорун издөө керек да, мисалы, бартер түрүндө болсо деле”,- деди ал.  

 

Кыргызстанды жакшы билерин айткан Жириновский буларга токтолот:  

 

“Ысык-Көлдү саткылары келбейби, анда 49 жылгабы, 20 жылгабы же 10 жылгабы ижарага беришсин. Бул саясий мамиле эмес, экономикалык мамиле. Карызды кайтарбоо чечимин колдобойм. Бул бардык мамлекеттерде жатып ичерлик, тилемчилик деп аталат. Эгерде биз силерге насыядан кутулуу жолун көргөзүп жатсак, шоу уюштурбай рахмат айткыла. Силерде жумушсуздук, жакырчылык күч алган да. Демек, эмне бар болсо ошону пайдалангыла. Аймагыңарды саткыңар келбейби, анда ижарага бергиле”.  

 

Ошондой эле Жириновский эгер Кыргызстан Ысык-Көлдү бергиси келбесе, анда Кыргызстанда башка кен байлыктар, мал, жүн, жер-жемиш бар экендигин баса белгиледи.  

 

“Кыргызстандын депутаттарына реалдуу экономикалык байланыш түзгүчө, мени мамлекетке кирүүгө укугу жок адам деп жарыялоо оңой көрүндү окшойт. Нон-грат (дипломатиялык маселелер боюнча кайсы бир өлкөгө кирүү укугунан ажыратылган адам) адам деп мамлекеттин сырын ачууну көздөгөн тыңчыларды атайт. Мен кереметтүү Ысык-Көлдүн сырын бүт дүйнөгө ачып койдумбу? Мен 3 сүйлөм менен көлдү жарнама кылып койдум. Эгерде кыргыз кесиптештерим сөз эркиндиги эмне экендигин түшүнүшпөсө, анда өздөрүнүн Конституциясын унутуп эле, орто кылымдарга кайтышсын. Мунун натыйжасында жөнөкөй кыргыздар утуш алабы? Жок. Ошондуктан позициям үчүн мени сындашканга да, токтом кабыл алганга да болбойт. Кыргыздарды биз жакшы көрөбүз, бирок Жогорку Кеңештеги депутаттардын бул кадамын алысты көрө албагандык, ойлонбогон кадам деп эсептейбиз”,- деди Жириновский. 

 

Эске сала кетсек, кечээ жакында Жириновский “Орусия Кыргызстандын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыккан болчу. Ал эми 15-майда Жогорку Кеңеш Жириновскийди Кыргызстанга киргизбөө тууралуу токтом кабыл алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан