Баткен облусунун ооруканасында тургундар жумуштан кийин жана дем алыш күндөрү укол сайдырганга дарыгер таппай жатканы боюнча маселе каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун милдетин аткаруучу Арзыбек Борубеков билдирди.
"Дем алыш күндөрү бейтаптар укол ала албай жатканы боюнча маалыматты сиздердин маалыматтык порталдан окудук. Азыр бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, маселени карап жатабыз. Негизи процедуралык бөлмөлөрдө адистер иш күндөрү өз убактысында өз жумушун аткарышат. Ишемби күнү 14:30га чейин жумушта болушат. Ал эми "Тез жардам" кызматында ийне саюучу бөлмө жок. Негизи шарты жок. Бүгүн биз бул маселени карап, атайын иш бөлүштүрүү аракетин көрөбүз", - деп билдирди Борубеков.
Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабарга" Баткен облусунун ооруканасында жумуштан кийин жана дем алыш күндөрү укол сайдырганга дарыгер таппай жатканын айткан.