"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Токой чарбанын башчысы: "Арстанбаптагы алма бак ижарага берилген. Дарактарды сугаруу, бутоо ижарачылардын моюнунда"

Базар-Коргон районундагы Арстанбап токой чарбасынын карамагындагы куураган алма бактардын ордуна жаш көчөттөрдү тигүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Арстанбап токой чарбасынын башчысы Кеңеш Пиназаров билдирди.

"Арстанбап токой чарбасында 54 гектар алма бак бар. Бул алма бактар жергиликтүү жашоочуларга ижарага берилген. Айрымдары 1 жарым гектардан 2 жарым гектарга чейин алышкан. Келишим боюнча бактарды сугаруу, бутоо сыяктуу иштер жерди ижарага алгандарга жүктөлгөн. Эгерде келишимде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, анда жер токой чарбага кайтарылып алынат", - деп билдирди Пиназаров.

Токой чарбанын башчысынын маалыматына ылайык, куураган бактар Бел-Терек айылында жайгашкан. Бул алма бактардын куураганына 3 жылдан ашуун убакыт болду.

"Биз атайын бактарды калыбына келтирүү максатында долбоор жазганбыз. Анда 2 миңден ашуун жаш көчөттөрдү тигүү пландалган. Азырынча көчөттөр тигиле элек. Куурап калган алма дарактары алынса, жергиликтүүлөр там салып башташы мүмкүн. Ошондуктан биз көчөттөрдү тиккенден кийин куурагандарды кыркып алганы жатабыз. Канча алма бак куурап калганын билбейм", - деп кошумчалады Токой чарбанын башчысы.

Эске салсак, окурман "Элдик кабарга" Арстанбап токой чарбасынын балансындагы алма бак 3 жылдан бери сугарылбай жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
CEO
2017-07-06 13:12:00
Алма бактары куурап калыптыр го, эми отун кылып жагасынарбы?!! Жаны кочот отургузганда да, ал чоноюп тушум бергиче коптогон жылдар отот. Ага ким жооп берет?!! Арендага берсенер, бак-дарактар куурап калгыча карабай - кабар албай эшек такалап журосунорбу?!! Эн оболу силердин озунорду жазага тартуу керек!!!
0
mirlan7911
2017-07-06 23:18:41
алмасы айабай жакшы даамду эле , бул биздин узун бак болчу ,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан