Төрага Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Төрага Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. “Урматтуу энелер, сиздерди ЖКнын депутаттарынын атынан 19-май күнү белгиленип жаткан “Энелер күнү” менен чын дилимден куттуктайм! “Эне жүрөгү – аалам түнөгү!” деген накыл кептин калети жок. Аларсыз адамзат турмушун элестетүү да эч мүмкүн эмес. Биздин жамандык-жакшылыгыбыздын баарын мээрман эне көтөрөт. Биз канчалык Эне кадырына жеттик дегенибиз менен, өмүр өткүчө анын алдында карыз бойдон калабыз! Ошондуктан “Бейиш – Эненин таман алдында!” дейт. Бүтүндөй адамзат коомунун башатында ар дайым эне турат. Урматтуу энелер, мындан ары да арабызда аман болуп, журт ичиндеги ынтымак менен ырашкерликти чыңдай беришиңиздерге, бала-бакыраңыздардын жакшылыгына ортоктош болуп, бактылуу өмүр сүрүшүңүздөргө чын дилимден тилектешмин. Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш, жарык маанай каалайм”,- деп жазылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан