"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалал-Абаддын Ленин жана Сатыбалдиев көчөлөрүнүн кесилишине 3 жол чырак коюлат

Жалал-Абадда Ленин менен Сатыбалдиев көчөлөрүнүн кесилишине жол чырак туура эмес орнотулгандан улам иштетилбей калган. Мындай маалыматты бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин Патрулдук милициянын атайын монтаждоо эксплуатация бөлүмүнүн адиси Ислам Тораев билдирди.

"Ленин көчөсү менен Сатыбалдиев көчөсүнүн кесилишине коюлган жол чыракты туура эмес орнотулгандан улам иштетүүгө тыюу салынган. Ал бузулган эмес. Бул жол чыракты Сузак районунун Ырыс айыл аймагы 2016-жылы орноткон. Кетирилген кемчиликтерден улам кайрадан долбоор жазылып, Патрулдук милиция кызматкерлери менен биргеликте атайын схемасы түзүлүп, сметалык баасы чыгарылган. Жылдын экинчи жарымында аталган кесилишке жаңы 3 жол чырак орнотуу пландалып жатканын айыл аймактан билдиришкен", - деди Тораев.

Эске салсак, окурман "Элдик кабарга" "1 жыл мурун бузулган жол чырак оңдоло элек" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан