Ананьеводогу жарылуудан жабыр тарткандардын экөөсүнүн абалы өтө оор бойдон калууда

Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылындагы газ саткан жайда болгон жарылуудан жабыр тарткан 2 адамдын абалы өтө оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

"2 адам жандандыруу бөлүмүндө, 3 адам күйүк борборунда дарыланып жатат. Дарыгерлер жандандыруу бөлүмүндөгү 2 адамдын абалын өтө оор, күйүк борборунда дарыланып жаткан 3 адамдын абалын туруктуу, бирок оор деп баа беришүүдө. Негизи күйүп калган адамдар 1-2 жумада эле айыгып калбайт. Дарыгерлер колдорунан келген жардамын берип жатышат", - дейт Жылдыз Айгерчинова.

Эскерте кетсек, буга чейин Ананьеводогу болгон жарылуудан алгач 2 адам каза таап, 8 адам ооруканага түшкөн. Жабырлануучулардын биринин жаракаты жеңил болгондуктан ошол эле күнү ооруканадан үйүнө чыгарылган. Кийин жабырлануучулардын экөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан