Мухаммедкалый Абылгазиев: "Жер титирөөдөн жабыркагандарга жеңилдетилген насыя берилет"

Өзгөчө кырдаалдардын жыйынтыгында жабыркаган жарандарды жеңилдетилген насыя менен каржылоо маселеси чечилет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусуна жасаган иш сапарында айтканын 6-июлда өкмөттүк аппараттан билдиришти. Анын айтымында, жабыркаган жарандар төмөнкү пайыздагы узак мөөнөттүү насыя алышат.

Абылгазиев 2017-жылдын май айында жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит, Кара-Мык жана Жекенди айылдарынын жашоочулары менен жолугушуп, жаңы үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Жолугушууда электр энергиясы, таза суу, күнүмдүк керектөөлөргө муктаждыктар көйгөй жаратып жатканы айтылды.

Абылгазиев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашовго козголгон бардык маселелердин чечилишин көзөмөлгө алууну тапшырды. Ал белгилегендей, жабыркагандарга курулуш материалдары базар баасынан төмөнкү баада жеткирилүүдө. Абылгазиев ошондой эле аталган айылдардагы аймактык оорукананын, Шибээ жана Кулчу айылдарындагы орто мектептин курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Izdeim_seni.
2017-07-06 15:42:40
yiat. ozdory jaburkap jatushsa,jardamu oshol kreditpi??
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан