Баткен облусундагы Рават айылында 2-июлда жүргөн селдин калдыктарын тазалоо иши эртең, 7-июль күнү аяктайт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Баткен районунун акими Кеңеш Салихов билдирди.
Буга чейин окурман Баткен районундагы Рават айылында 2-июлда жүргөн сел жолду алып кеткенин, селден кийин тазалоо иштери жүрбөй жатканын билдирген.
"Ошол күнү кечинде 18:00дөр чамасында сел жүргөн. Биз эртеси күнү эле барып жарандарды коргоо штабын түздүк. Сел таза суу түтүктөрүн үзүп, электр зымдарынын мамыларын кыйшайтып кеткен экен. Селдин натыйжасында бир трансформатор да иштебей калган. Аларды оңдоп бердик. Учурда жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат. Жол өзү сел жүрө турган сайда жайгашкандыктан сел менен кошо чоң-чоң таштар агып келип токтоп калган. Азыр бир трактор иштеп жатат. Тазалоо иштерине пайдаланып жаткан жүк ташуучу унаабыз бузулуп калып, ӨКМдан унаа алганы жатабыз", - дейт Салихов.