Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Боордош Казакстандын ийгиликтери, социалдык-экономикалык жетишкендиктери же дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашыруу жана эл аралык аренадагы өлкөнүн кадыр-баркын бекемдөөдө болобу, мунун баары сиз жүргүзүп жаткан көрөгөч саясаттын көрүнүктүү жыйынтыктары. Сиздин кесиптик жана турмуштук бай тажрыйбаңыз дайыма Казакстан элинин колдоосуна татыктуу болгон”, - деп жазылат куттуктоодо.
Ошондой эле Атамбаев тең укуктуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизделген достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-казак мамилелери эки өлкөнүн элдеринин кызыкчылыгында мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берерине ишене турганын билдирген.
Нурсултан Назарбаев бүгүн, 6-июлда 77 жашка толду. Ал Казакстанды 1991-жылдан бери башкарууда.