Заара толтурулган желим бөтөлкөлөр филармониянын жанындагы өтмөктөн табылды. Аны 3 КамАЗга жүктөп алып кетишти (фото)

Бишкектеги филармониянын жанындагы өтмөктөн заарага толгон 3 КамАЗ желим бөтөлкөлөр чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек мэриясынын маалымат кызматы тастыктады.

"Өтмөктө иштеген соодагерлер желим бөтөлкөлөргө заара ушатып, аны 5 жылдан бери тепкичтин алдына катып жүрүшкөн. Учурда өтмөккө ажаткана куруу пландалып жатат", - дешти мэриядан.

Мэриянын капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Койчугул Ибраимовдун айтымында, бул кылыкты ким жасап жүргөнү аныкталса, өтмөк ишке киргенден кийин ага ижарага орун берилбеши мүмкүн.

"Бул кылыкты бир киши жасады деп деле айтуу кыйын. Бирок өтмөктө ажаткана жок болгондуктан көпчүлүгү бөтөлкөгө заара ушатып, ушул жакка таштап салган болушу мүмкүн. Жалаң эле бөтөлкөлөр эмес, полиэтилен баштыктары да бар экен. Эми анын ичинде эмне бар экенин деле караган жокпуз. Эгерде бул кылыкты ким жасаганы аныкталса, ага ижарага орун бербөө сунушун киргизебиз", - деди Ибраимов.

Ажаткана маселесин шакабага алган Максим Галкиндин тамашасын сунуштайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
grace
2017-07-06 15:37:20
Ажаткана болбосо не кылмак эле, эми курулса жакшы экен.
+5
Izdeim_seni.
2017-07-06 15:40:17
japaiuchukuk.
+4
Janybekleilekkg
2017-07-06 15:55:13
Эркектер желим ботолкого оной эле заара ушатат,аял соодагерлер кантти экен беш жылдан бери
+10
Dimonbek
2017-07-06 18:39:46
Janybekleilekkg,полиэтилен пакеттер да бар экен деп жатпайбы
+2
sezim_osmonalieva111
2017-07-06 16:00:54
Уят эле,жапайычылык
+9
Arlenchik
2017-07-06 16:33:59
Маданиятсыздыктын жеткен чеги уят эле.
+8
ayjan_90
2017-07-06 16:41:58
Уят уят не деген элдер балиттер желим ботолкого заара кылгвндан кийин уйуно алып барып туалетке токсо болбойбу ыпластар
+5
aselushka
2017-07-06 16:51:43
Акчаны суйгон адамдарго, беш минутун кызганып отурган жеринде жайлаган
+5
Aruwka.89
2017-07-06 17:16:01
Уятко
+4
shankol88
2017-07-06 17:22:07
Хахаха уят аялдар варенка жасап алгангоо...
+8
Azat.97
2017-07-06 17:28:59
Уяты жоктор.Уялбай митингге чыгып коюшат.
+4
kenjebek_a
2017-07-06 19:18:56
Малдан айырмасы жок соодагерлер.
+2
elmurat.kg
2017-07-06 22:51:25
уят уят уят.элестетип корсон итта мындай кылышпайт.ошондой кылууга кантип бети бардыкен а.ботолкону колуна кармап алып колуна чачырап клиент келсе жылмайып карап ото ыплас нерсе.мына неге онукпойвуз дағы бийлик деп коебуз.таза шаар таза коом .
бишкек грешный шаар болуп кеттиго чиркин
0
Aidan88
2017-07-07 00:51:50
Uyat ele go kim kylsa dagy ,ozubuzdun borbor shaarybyz,
0
Aselya_9105
2017-07-07 01:53:16
сөз жок
+1
rabyiga
2017-07-07 09:30:11
Уятсыздар дагы жанжал митингге окмот куноологонго кыйын бирине да бербеш керек ижарага мурдагы иштегендерге балиттер дагы канчалаган адамдарга соода кылышат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан