110 миңден ашуун адам жашаган Аксы районунун Жарандык абалды каттоо кызматында болгону 4 кызматкер иштейт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге бүгүн, 6-июлда Жарандык каттоо кызматынын жетектөөчү адиси Венера Калиева билдирди. Анын айтуусуна караганда, жарандык каттоо кызматында кызматкерлер жетишсиз.
"Бүткүл Аксы району боюнча 12 айыл өкмөттөн келген жарандарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өлгөндүгү тууралуу маалымкат, милдеттүү медициналык камсыздандыруу маалыматын үйлөнгөндөргө, ажырашкандарга документ биздин мекемеден берилет. Ошондой эле аты-жөнүн өзгөртүү маселелери каралат. Жарандык абалды каттоо кызматында жетекчибиз, мен жана 2 оператор болуп баш-аягы 4 адам иштейбиз. 4 адам бүт райондун элин тейлегенге жетишпейбиз. Колубуздан келишинче тейлеп жатабыз. Азыр жетекчибиз эс алууга кеткен, 3 адам иштеп жатабыз. Бизде кызматкерлерди көбөйтмөк турсун, жакында 2 операторубузду кыскартып жибере жаздашты", - дейт Венера Калиева.
Эскерте кетсек, буга чейин окурман Жарандык абалды каттоо кызматында кызматкерлер өтө аз экендигин, алыстан келгендер көпкө кезек күтүп жаткандыгын кабарлаган.
"Жарандардын кезеги жетсе документин бүтүрүп берүүгө 1 саатка жетпеген убакыт кетет. Болбосо арыз жазып таштап кетсе, 3 күндүн ичинде даяр болот. Документ ката жазылып калса, көп убакыт коротулат", - деп кошумчалады адис.