Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда жаздан бери унаалардын өтүүсүнө жолтоо болуп жаткан таш алып салынды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жол чарба департаментинин Бишкек-Ош унаа жолунун 26-жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Бактыбек Аттакуров билдирди.
Эске салсак, буга чейин окурман жаз айларында Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна тоодон кулаган таш азыркыга чейин алынбай жатканын билдирген.
"Учурда жол толук ачылган. Мурда деле жеңил унаалар өтүп жаткан, бирок жүк ташыган унаалар өтө алчу эмес. Буга чейин биздин бульдозерлерди Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү болгон жерге алып кетишкен, ага байланыштуу ташты жолдон алып салууга мүмкүнчүлүгүбүз жок эле. 2-июлда 1 бульдозерди бир күнгө алып келип ташты жолдон алып салдык", - дейт Аттакуров.