Бүгүн, 6-июлда Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын айыл чарба министри Чжи Шупинг менен жолугушту. Анда Кыргыздан чыккан азыкты Кытайга экспорттоо тууралуу сүйлөшүүлөр болду.
"Бул жолугушуу эки тараптын 5 айлык сүйлөшүүлөрүнөн кийин өтүп жатат. Эң негизги каралчу маселе бул өлкөдөгү өстүрүлүп жаткан алча, гиласты Кытайга экспорттоо. Азырынча биз бир жылда 5 миң тоннаны жөнөтүүнү көздөп жатабыз. Мындан сырткары башка азыктарды да жөнөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Ал эми Кытай тарап биздин азыктар экологиялык жактан таза болуусун талап кылууда", - деди министр Нурбек Мурашев.
Министр эки тарап жол маселеси боюнча да сүйлөшүүлөр жүрө турганын баса белгиледи.