Жамбаш сөөгү чирип, өмүрүнө коркунуч жаралып жаткан Эрнис Жумабаевге операция жасоо зарыл болууда. Мындай маалыматты бүгүн, 6-июлда SUPER.KG порталына бейтаптын бир тууган карындашы Элмира Жумабаева билдирди.
"Бир тууган агамдын ден соолугу күндөн күнгө начарлап жатат. Дарыгерлер жамбаш сөөгү чирип жатканын айтты. Бул абалга 6 жыл мурда болгон жол кырсыгы себеп болууда. Тез аранын ичинде жамбаш сөөгүнө операция жасап, темир коюу керек. Мындан улам 3 ай мурда атайын жардам топтоо үчүн эсеп ачтыргам. Андан бери 100 миң сом каражат топтодум. Операция Бишкекте жасалат, ал үчүн 2,5 миң доллар керектелет. Дагы 50 миң сом каражат болсо операция жасалат", - деп билдирди Жумабаева.
Эрнис Жумабаев Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун тургуну. Учурда 40 жашта. 10 жылдан бери үй-бүлөсү менен чогуу жашабайт. Кыздары менен да катташып, байланышпай калган.
"Менин 4 балам бар. Азыркы учурда кош бойлуумун. Агамдын ден соолугу үчүн кам көрө албай калдым. Бир тууган агаларым жардам бермек турсун өздөрүнүн турмуш шарты оор. Негизи биз 5 бир тууганбыз. Мен жалгыз кызмын. Ата-энебиздин көзү өтүп кеткен. Агамды майыптыгы үчүн пенсияга чыгарайын десем аскерге барып келгендеги аскердик билети жок болууда. Анткени агам аскерден кызматын өтөп, чыгарда кырсык болуп 5 жылга камалып кеткен. Кийин чыкканда аскердик билет жөнүндө эч ким ойлонбой алынбай калыптыр. Документтерин топтоп пенсияга чыгарууга 6 ай убактымды кетирдим. Бирок майнап чыккан жок", - деп билдирди Жумабаева.