Орусия Сириядагы абалга биргеликте байкоо жүргүзүү үчүн аскерлерди жөнөтүү маселеси менен КМШ өлкөлөрүнө кайрылды

Орусия Сириянын деэскалациялык аймактарындагы абалга биргеликте байкоо жүргүзүү үчүн аскерлерди жөнөтүү маселеси менен КМШ өлкөлөрүнө кайрылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары Астана шаарында өткөн сүйлөшүүлөргө келген делегациянын башчысы Александр Лаврентьевге таянып жазууда.

"Азыр кайсы аскерлер, бул жерден белгилеп кетиш керек - кайсы өлкөлөрдүн аскер байкоочуларын Сириядагы тынчтыкты сактоо миссиясына тартуу маселеси турат. Орусия тараптан Сириянын деэскалациялык аймактарына баруусуна эч ким шек санабайт, ошондуктан биз бул маселени кароону жалпы КМШ өлкөлөрүнө сунуштап жатабыз. Бул Сириядагы тынчтыкты сактоо миссиясына катышуу боюнча кайсы бир чечимди кимдир бирөөгө таңуулоо эмес", - дейт Лаврентьев.

Ошондой эле ал эгер Астана Сириядагы деэскалациялык аймактардагы абалды көзөмөлдөөгө тынчтыкты ортонуу үчүн аскердик курамын жөнөтүү чечимин кабыл алса, Орусия аны кубаттай турганын белгилеген.

"Эгер Казакстандын өкмөтү жана жетекчилиги мындай чечимди кабыл алса биз колдойбуз. Бирок менин билишимче өлкө жетекчилиги чечим кабыл ала элек", - деп кошумчалаган делегациянын башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Asyl.jazi
2017-07-06 17:50:42
Атамбайыбыз дагы жонотом деп туруп албасында
+3
kuba502
2017-07-06 18:09:52
Демек Сирияга аскер жонотуу туурасындагы имиш ачыкка чыга баштаптыр
+7
Dastan.10
2017-07-06 18:27:18
Биздин чиновниктерден ким макул болсо биринчи ошонун озун, баласын жибериш керек!
+13
Dastan.10
2017-07-06 18:27:47
Биздин чиновниктерден ким макул болсо биринчи ошонун озун, баласын жибериш керек!
+4
Medina87
2017-07-06 18:53:40
Бул чечим ишке ашса контрактник-срочниктер барат деп давно эле айтылган. Россия мусулман мамлекеттери бул чечимди колдойт деп кутот.
Не болсо да жер бетинде тынчтык эле болсун!
+2
meni_kut
2017-07-06 19:35:51
Санкт петербургдагы жардыруудан кийин пайда болду окшойт ,бул маселе.Игил терористтердин оюн казакстан кыргызстан тарапка буруу.Тынчтык эле болсо экен.
+4
tyrgon
2017-07-07 23:20:03
мусулмандар бизде копта сирияда силердин бир туугандарынар олп жатат деп жарга такайт экенда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан