Мындан 482 жыл мурун, 1535-жылы 6-июлда "Утопия" китебинин автору, англиялык жазуучу-гуманист Томас Мор 57 жашында көз жумган.
Ал 1478-жылы 7-февралда Улуу Британиянын Сити шаарында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң 1492-жылы Оксфорд университетинде билимин уланткан. Ал жерден белгилүү юристтерден таалим алып, италиялык гуманист Пико делла Мирандоланын "12 кылыч" аттуу эмгегин жана өмүр баянын англис тилине которгон. 1516-жылы "Утопия" деген чыгармасын жазып, анда коомдук түзүлүштүн идеалдуу системи жөнүндөгү өзүнүн ой жүгүртүүсүн чагылдырган.
1996-жылы жазуучу тууралуу "Бардык мезгилдин адамы" деген тасма тартылып, Москвадагы кинофестивалдан 2 сыйлык, "Оскардын" 6 сыйлыгын (1967), BAFTA`нын 7 наамына ээ болгон. Ал эми бул фильмде Мордун ролун англиялык актёр Пол Скофилд аткарган.
6-июлга карата жылнаама.