Семетей конушунун тургундары өкмөт жер бөлүп бербесе, күнүгө нааразычылык акциясына чыга тургандарын айтышты

Семетей жаңы конушунун тургундары өкмөт жер бөлүп бербесе, күнүгө нааразычылык акциясына чыга тургандарын бүгүн, 6-июлда өкмөттүн алдындагы жыйында билдиришти.

"Трансформация" кыймылынын жетекчиси Бекназар Айталиев билдиргендей, аларды бүгүн агрардык өнөр жай комплексинин кызматкери кабыл алды.

"Премьер-министр же вице-премьер-министрдин кабыл алуусунда жыйын болуп, бир чечимге келмекпиз. Бирок, тилекке каршы, алар иш сапары менен аймактарды кыдырып жүрүшүптүр. Эми дүйшөмбү күнү келе турган болдук. Чогулган эл бул маселе чечилбесе, күнүгө бул жерге келе тургандарын айтышты. Анткени булардын арасында батирлеп жүргөндөр бар", - дейт ал.

Эске салсак, бүгүн жаңы конуштун 30га жакын тургуну тез арада жер бөлүп берүү талабы менен өкмөттүн алдына чогулушкан. Маалымат боюнча, 2007-2008-жылдары аталган конуштан 3 миң адамга жер үлүшү берилген. Бир жылдан кийин курулуш баштала электе өкмөт бул жерде ар кандай долбоорлор боюнча курулуштар баштала турганын жана аэропорттун жанына жашаганга болбой турганын билдирип, башка жактан жер бөлүп бере тургандарын айткан. Алар билдиргендей, бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечилген эмес.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан