Бишкектин Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер алдындагы өтмөктүн негизги устундарынын арматуралары чирип кооптуу абалда. Мэриянын капиталдык курулуш боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Койчугул Ибраимовдун айтымында, өтмөктү кармап турган түркүктөрдүн темирлери да жаңыланып жатат. Ошондой эле эски тепкичтер алынып, ордуна жаңы тепкичтерди куруу иши жүрүүдө.
"Биз күтүлчү кырсыкты алдын алып, ремонттоо ишине кийлигишкенибизди мурун каршы болуп жаткандар эми түшүнүп жатышат. Себеби өтмөк эчак эле оңдоп-түзөөгө муктаж болгон. Азыр негизги устундарды кармап турган темирлер (швеллер) жана арматуралар чирип, талкаланып түшүп жатат. Таптакыр эле жараксыз болуп калган десек болот. Азыр темирлер жаңыртылып, тепкичтер курулууда. Ошондой эле дубалдары менен шыптары да оңдолуп жатат. Курулушка сапаттуу материалдарды колдонуудабыз", - деди Ибраимов.
Өтмөктү оңдоп-түзөөнүн сметалык баасы 32 миллионго түзүлгөнү менен, жалданма ишкана ишти 27 миллион сомго бүткөрүп жатат. Ишти аткарып жаткан тарапка өтмөктүн ичин гана эмес сырткы бөлүгүн оңдоп, аны менен катар эс алуу аянтчасын курууга милдеттендирилген.
Чүй-Манас проспектиси жана Чүй-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктөр 1978-жылы курулган.