Бишкектеги "Дордой" спорт-комплексинде өтүп жаткан "Суперфутбол-2013" мелдешине "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “Жылдын суперлери” катышууда. Айта кетсек, “2012-жылдын "Супер күлкү жаратуучусу” - Самат Эркинбек уулу комментаторлук милдетти аткарууда, “2012-жылдын "Супер ТВ персонасы” Эрмек Нурбаев "Тамашоу" командасынын капитаны, мындан сырткары “2011-жылдын "Супер ырчы мырзасы” жана “2012-жылдын "Сахна адамы” – Омар, “2012-жылдын "Супер актёру” - Аскат Сулайманов, “2012-жылдын "Супер актрисасы” - Марал Койчукараева жана “Жылдын ишенимдүү өнөктөштөрү” болгон "О!", "Билайн", "Мегаком", "Аю", "Шоро", ФКБ, "SELA" жана башка мекеме, ишканалардын өкүлдөрү катышууда.