Android колдонгон кардарлардын банктык карталарынан акча "уурдай" турган жаңы вирус пайда болгонун Group-IB киберкоркунучтар менен күрөшүүчү компания өз сайтына бүгүн, 6-июлда жазып чыкты. Бул вирус Android операциондук системин колдонгондордун банктык эсептеринен акча чечип алуу үчүн колдонулуп жатат дейт аталган компаниянын адистери. "Вирус аркылуу Android операциондук системинин базасына кирүүгө жол ачылат. Антивирустук программалар бул вирустун коркунуч жаратарын аныктай албай калып жатат", - дешет адистер.
Вирус кечээ, 5-июлдан баштап тарай баштаган. Android смартфондорунун ээлери контакттарынын биринен MMS-билдирүү алат. Эгерде колдонуучу MMS-билдирүүдө көрсөтүлгөн шилтемени басып жиберсе, аталган вирус смартфонго кирип кетет. Мындан соң вирус аркылуу шылуундар сиздин телефон аркылуу жүргүзүлгөн акча каражаттарына байланыштуу операцияларыңызга аралаша баштайт. Башкача айтканда, вирус зыян келтирүүчү билдирүүлөрдү ар кимге таратып, колдонуучунун банктык эсебинде канча каражат бар экенин билүүгө мүмкүнчүлүк алат. Колдонуучунун банктык эсебинен акча алынып жатса, ал тууралуу ээсине маалымат берип туруучу банктан келген билдирүүлөрдү вирустар тороп калары белгилүү болду. Мындан улам банктык картада эмне иштер жүрүп жатканын ээси билбей каларын айтышат адистер.
Мындай вирус Android операциондук системи аркылуу SMS-банкинг жана мобилдик банктык тиркемелеринин кызматын колдонгон кардарлар үчүн кооптуу. Group-IB киберкоркунучтар менен күрөшүүчү компаниясынын адистери билдиргендей, бул вирустан орусиялык банктардын кызматынан колдонгон кардарлар жабыр тартышы мүмкүн.