Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанга билим берүүдөгү тамырын кенен жайган коррупцияны ооздуктоо үчүн 15 жыл мурун киргизилген систем. Акыркы жылдары Кыргызстанда жалпы республикалык тестке даярдоо курсунан ар бир экинчи абитуриент окуйт. Тесттеги суроолор мектеп программасындагы темалардан айырмаланабы? Аталган сынак баштапкы койгон максатына жеттиби?
“Супер-Инфонун” жаңы саны (№766, 7-июль, 2017-жыл) бул суроолордун жообун издеп көрдү.