Ошто 66 жаштагы карыя студенттик күндөрүн аяктап, дипломго ээ болду

Ошто студенттердин жатаканасында жашап окуган 66 жаштагы карыя Адалат Мусаев студенттик күндөрүн аяктап, дипломго ээ болду. Мындай маалыматты бүгүн, 7-июлда SUPER.KG`ге Ош Мамлекеттик университетинин мугалими Зина Нуралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, дипломго ээ болгон карыя буга чейин 30 жыл бою Өзбекстандын Андижан облусунда фельдшердик кызматты аркалаган. Ал буга чейин дарыгер болууну кыялданып келген.

"66 жаштагы аксакал Мусаев Өзбек жараны. Ал медициналык факультетти аяктады. Ал студенттер менен бирге университеттин жатаканасында жашап, мыкты окугандардын катарын толуктаган. Эми ал эмгек жолун мурда иштеген Андижандагы ооруканада улантууну пландаштырууда. Буга чейин 2011-жылы 70 жаштагы пенсионер жогорку билимге ээ болуп, окууну аяктаган", - деп билдирди Нуралиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
ainuska00
2017-07-07 10:23:14
Батышта эле ушундай болсо керек дедим эле.Соонун.Ийгилик.
+6
munduz2016
2017-07-07 10:27:25
ийгилик!!!
+2
omka100514
2017-07-07 10:37:37
Менин жолдошум окуп жургон убакта айткан эле, мед.факта Озбекстандык чон эле киши окуп журот деп, угуп аябай тан калган элек )). Эми болсо мынантип окуусун аяктаптыр, ийгилик коштоп журсун мындан ары да
+5
cholpon9393
2017-07-07 10:56:47
Курсташыбызга ийигилик.
+1
a.m.akmoldoev
2017-07-07 11:12:35
Билим алуу эч качан кеч эмес. Ишине ийгилик!!!
+3
adimyrza
2017-07-07 11:37:47
Эми иштейм деген мн пенсияга чыгатко жакында эле
+1
Miroslav
2017-07-07 11:41:07
Зато балалык кыялын орундалды,максатына жетти.азаматсын бабай.
+8
aydinnur
2017-07-07 14:17:01
арапташкандан көрө ушинтип билим алсаңар жаштар,азамат аксакал!!!мен ойлоп жүрдүм эле отуз жашымда аябай кеч бүттүм деп,менин жашым ерунда болуп калат экен)))
-2
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-07 16:03:08
aydinnur, причем тут арапташып озундун илим денгелинди которуп алчы биринчи анан сын такчы
+1
etaj_rus79
2017-07-07 14:58:46
Биринчи жолу угушум мындайды диплом колуна тиери менен пенсия убагыда келип калыптырго бирок
0
nurbekasr
2017-07-07 17:15:38
Ийгилик эми ишке кириш үчүн дагы бир топ өмүр өтөт го.Биротоло пенсионный китепчесин кошо бербептир пенсияга узатып.
0
civic93
2017-07-07 19:19:18
Адилетко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан