ЖЫЛНААМА, 7-ИЮЛЬ: Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 41 жашка толду

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 41 жашка толду. Ал 1976-жылы 7-июлда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган.

1999-жылы Кыргыз Эл аралык университетин, 2005-жылы Япониядагы Нагойи университетин, 2007-жылы АКШда Түндүк Техас университетин аяктаган. 1997-жылы Улуттук банкка экономист катары жумушка алынып, 2006-жылы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүндөгү башкы экономисттик кызматка чейин жеткен. Кийин "Маалыматтык келечек" коомдук фондунун директору, Дүйнөлүк банктын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча департаментинде консультант, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинде экономика кафедрасынын башкы окутуучусу болуп иштеген.

2009-жылы президенттик администрацияда экономика боюнча эксперт, 2010-жылы экономика министрлигинде статс-катчынын милдетин аткаруучу, өкмөт аппаратында экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болгон. Толкунбек Абдыгулов 2014-жылы Улуттук банктын төрагасы кызматына келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriot7
2017-07-07 11:52:57
Бул озу марихуана, героин, кокаин колдонбойт бекен?!! Мындай адамдын Улуттук Банкты жетектеп турганына тан каламын, хотя шофер менен жансакчылар эл башкарып, куч тузумун жетектеп турган сон бир чети тан калып да кереги жок Атамбаевдин доорунда...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан