Патрулдук милиция аба температурасынын жогорулашына байланыштуу айдоочуларды жолдо абайлап жүрүүгө чакырат

ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгы аба температурасынын жогорулашына байланыштуу айдоочуларды жолдо абайлап жүрүүгө чакырат.

Патрулдук милициянын маалыматында, аба температурасынын жогорулашы унаага жана айдоочуга терс таасирин тийгизери айтылат.

"Ысыкта ден соолугу начар адамдар эле эмес, дени сак адамдар да өзүн начар сезүүсү мүмкүн. Андан сырткары унаанын техникалык абалына да көңүл буруу керек. Ошондой эле унаада керектүү медициналык буюмдардын болуусу зарыл. Күндүн ысыктыгы 40 градустан ашкан соң унаанын кыймылдаткычы экстремалдуу абалда иштеп баштайт. Унаанын жолдо бузулуп калуусун алдын алуу үчүн техникалык абалын жакшы көзөмөлдөн өткөрүп анан жолго чыгуу керек", - деп айтылат Патрулдук милициянын билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан