Бүгүн, 7-июлда Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Соттук отурумда тергөөдө көрсөтмө берген негизги күбөлөрдү сотто суроо боюнча Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырды. Бул иш боюнча кошумча күбөлөрдү да суроо боюнча жактоочунун экинчи өтүнүчүн сот канааттандырган жок.
Мындан тышкары Аида Салянованын жактоочусу тарабынан келтирилген бир нече өтүнүчтөр четке кагылган соң сот күбөлөрдү суроого өттү.
Күбө Марипа Сейдалиева 2010-жылы Юстиция министрлигинин алдындагы адвокаттык ишмердүүлүк боюнча башкармалыктын башчысы болуп турган. Ал келип түшкөн арызды Жылдыз Мамбеталиевага өткөрүп бергенин айтат.
"Лицензияны узартуу боюнча акыркы чечимди министр кабыл алат. Бул жерде лицензияны баш тартууга негиз жок болчу. Лицензияны узартууда соттуулугу тууралуу маалымат талап кылынбайт. Мен Елисеев деген ким экенин жана ал издөөдө жүргөнүн кийин маалымат каражаттарынан окудум. Елисеев тууралуу маалымат жазылган документтердин жоголушу боюнча айтылып жатат. Ал түп нуска эмес, көчүрмөсу болчу. Бул тууралуу 2012 же 2013-жылы прокуратурага Елисеевдин соттолгондугу тууралуу маалымат түшүп, биз ал маалыматты издеп таппай калганда билдик. Ага соттун өкүмү угузулбаган соң иш козголгон күндө деле биз лицензияны узартуудан баш тартууга негиз боло албайт”, - деди Сейдалиева.
Ошондой эле айыпталып жаткан Салянованын суроолоруна жооп берип жатып күбө Марипова Елисеевдин үстүнөн кылмыш иши козголгондугу, ага издөө жарыяланганы туурасында маалыматы болбогонун айтты.
"Мен да ушул жумуштун курмандыгы болдум. Себеби мени министр чакырып ушул ишти негиз кылып жумуштан кетирди. Бул иш саясатпы же кылмышпы азыр айта албайм", - деди Марипа Сейдалиева.