2017-жылы жарым жылдын ичинде коррупциялык иштери үчүн 7 кызматкер жумуштан кетирилген. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлдагы маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин алдындагы Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтуусуна караганда, коррупциялык иш боюнча Жалал-Абад облусунда 2 кызматкер, Бишкек шаары боюнча 4, Ошто 1 кызматкер жумуштан айдалган.
Маалым болгондой, жол кырсыгынан каза болгондордун саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыскарган. Былтыркы жылдын биринчи жарымында 400 адам жол кырсыгынан каза болгон, быйыл 307 адам жол кырсыгынан көз жумганы айтылды.
Ошондой эле 6 ай аралыгында жол эрежесин бузган айдоочулардан айып пул төлөнүп, мамлекеттик бюджетке 180 миллион сомдон ашуун каражат түшкөнү маалымдалды.