Президенттикке талапкерлигин койгон коомдук ишмер, укук коргоочу Рита Карасартова элден акча сурап кайрылуу жасады. Ал чогулган каражат үгүт иштерине жумшала турганын айткан.
"Шайлоо фондусуна каражатты элден чогултам деген үмүт бар. Банктан атайын эсеп ачканыма бир жума болуптур. Бул убакытта 20 миң сомдон ашуун каражат элден чогулуптур. Кийинки отчётторумда кимден канча түшкөнүн жазып берем", - деп жазган укук коргоочу.
Интернет колдонуучуларынын арасында Карасартованын мындай кадамын сындагандар да бар.
"Мен атайын күрөө үчүн бере турган каражатты тапкам. Ал акчаны жолдошум таап берди. Шайлоочулар менен жолугушууда жумшалуучу чыгымдар үчүн элге кайрылып жатам. Учурда жарнамалар да кымбат. Жер-жерлерде эл менен жолугушууда бир топ акча керектелет. Эгерде миллиондогон акчалуу адам президент болсо ал элди ойлобойт", - дейт Карасартова.