SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Биринчи түндө эле күйөөмдөн уруш уктум" деген тема талкууга алынган.
Темада автор мындай деп жазып, кеңеш сураган: "Жигитим менен бир жыл сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп үйлөндүк. Үйлөнгөнгө чейин бири-бирибизге деген сагыныч, сый, сүйүү ысык анан да бири-бирибизге деген каалоолор аябай күчтүү болчу. Бардыгын бир нике түн өзгөрттү, анткени биринчи түнүбүздө мен аябай кыйналдым. Төшөк мамилесине келгенде таптакыр муздактыгымды билдим. Канчалык күйөөмдү сүйүп турсам да кыздыгымды алдырткан жокмун. Ооруду деп болбой койдум, эмне болгонун билбейм. Күйөөм болсо жини келди, дагы да жинденип жүрөт. Таптакыр кошула албай жатабыз. Кеңеш күтөм".
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Аялы болгондон кийин, ал нерсеге ыраазы болуп "бериш" керек да. Элестеткиле, өзүнүн никелеп алган аялы "бербей" жатса, урушпай эмне кылат анан?"
"Дароо эле урушуп киресиңер да. Келин (же кыз) жаш, жетиле элек болсо керек, ооруйт деп жатпайбы. Же тиги эргул дөңкөңдөбөй жакшылап сылап-сыйпап, ээритип көрсө болмок. Сен да "уруш уктум" деп кемшеңдеп, жарыя кылбай чыдашың керек. Биринчи оорутат, анан "кайф" болот. Кези келгенде эриңди сен демитип, урушуп каласың".
"Бир эле сенде эмес, бардык кыздарда эле биринчи түндө оорутат. Сен антип ооруп жатат деп бербей койгонуң менен элдин иши жок. Дароо эле "кыздыгын ала албай жатыптыр деп" күйөөңө сөз тиет. Биздин бир аяшыбыз дагы үйлөнгөндөн кийин кыздыгын ала албай 3 күн жүргөн. Кийин достору "аяшты эптей албай жатасыңбы?" деп күлүшкөн экен.
"Бул жерде айып сенде эмес, сенин эбиңди таап, "эмете" албаган күнөө жолдошуңда, кылат деген ушул экен деп эле ургулап кирбей, кызды дагы даярдаш керек. Өөп-жыттап, сылап-сыйпап жылуу сөздөрдөн арнап эркелетип, бардык жагынан даярдап анан башташы керек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.