Мындан 87 жыл мурун, 1930-жылы 7-июлда Шерлок Холмс тууралуу чыгармалардын жаратуучусу, белгилүү англиялык жазуучу Артур Конан Дойл көз жумган. Ал 1859-жылы 22-майда Шотландиядагы Эдинбург шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң 1876-жылы медициналык окуу жайга тапшырган.
1880-жылдардын аягында ал Шерлок Холмс тууралуу алгачкы детективдик чыгармаларын жаза баштаган. Коомчулук бул эмгегин кызыгуу менен кабыл алган соң Артур Конан Дойл өмүрүн жазуучулукка арнап Лондонго көчүп кеткен. Шерлок Холмстун прототиби жазуучунун жогорку окуу жайдагы окутуучуларынын бири Жозеф Белл экендиги айтылат. Ал байкоо жүргүзүү, логика, жыйынтык чыгаруу жана каталарды таап чыгуу боюнча чебер адам болгон.
Жазуучунун тыңчы Шерлок Холмс тууралуу окуялары популярдуу болуп, окурмандардын көбү Холмсту чыныгы жашоодо бар адам деп ишенип алышкан. Аталган каарман тууралуу жазылган алгачкы китептин аталышы "A Tangled Skein" болгон.
Айрым маалыматтарга караганда, Холмс жөнүндөгү окуяларда ага чейин полиция кызматкерлери билбеген криминалисттик ыкмалар жазылган.
7-июлга карата жылнаама.