Кадамжайда кышка камылга кызуу жүрүүдө (фоторепортаж)

Жайдын аптабында Кадамжай районунда чөп чабык кызып жаткан учур. Тургундар себилген беделерди чаап, кыштын камын көрүшүүдө.

Кадамжайдагы Сары-Талаа жайлоосу Пүлгөн айылы жана Халмион айыл аймагынын жашоочуларына үлүш жер катары бөлүнүп берилген. Тургундар арпа буудайдан сырткары бул жакта малга тоют болуучу беде, эспарцетти өстүрүшөт.

Мурун чөп чабыкка чыгарда эл чалгы даярдап, келиндер тамак жасап берүү үчүн барышар эле. Техника өнүккөн заманда чөп оруучу комбайндар ишке кирип, чөп-чабык бир топ жеңилдеген.

Комбайндар оргон чөп кургаган соң атайын тракторлор менен пресстелет. Чөптү кол менен байлагандар да жок эмес.

Жалпысынан Сары-Талаа жайлоосундагы 1 000 гектар аянтка үрөн себилген.

Аба ырайынын бузулушу ишти токтото турганы маалым. Орулган чөптөрдү тез жыйнап албаса, жамгыр жаагандан кийин чөп карарып кетери белгилүү. Учурда күндүн катуу ысыганы дыйкандарга жакшы шарт түзүп берип жатат.

Чөптү орулган жеринде түктөп сатып алгандар дагы бар. Баасы 100 сомдон болот.

Даяр болгон чөптү жыйнап, жашоочулар жүк ташуучу унааларга жыйып алып кетишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bond02
2017-07-07 16:56:51
Пресс канча сомдон болуп жатат туугандар Кадамжайда?
0
Shef87
2017-07-07 17:00:59
Чопторду чала чала орупсунар го жулма кылып касилканар жакшы иштебей атабы
+1
gitaris93
2017-07-07 17:26:34
100 сомдон дейби менде да 200 тай беде прес бар эле ала тургандар барбы 100 сомдон болсо жуз сомдон да.
0
Beka1986
2017-07-07 19:12:20
gitaris93,мен алайын беде прессини,каяктан болосун
0
Seryi-Kardinal
2017-07-07 18:10:49
Айпери Баткенден окшойт үйүнө барганчаа тарта келиптир
0
raykray
2017-07-07 18:30:18
Seryi-Kardinal, оа Кадамжайдан болот
0
raykray
2017-07-07 18:55:18
Кандай соонун кун ыссык шляпа кийиип жол жол талааны карап, трактордун унун угуп уйкусурап, чарчаап отурсан эх)))
+1
jergetal
2017-07-07 22:19:30
Бизде беденин экинчи оруму башталдыго
0
nurkojo
2017-07-07 22:37:56
Чак туш саат 11ден 15:00го чейин уктап анан ишке жонойсунго кычышкан бойдон терлеп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан