СУПЕРСТАН: "Төрөгөндөн кийин калыпка келүү үчүн эмне кылуу керек?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Төрөгөндөн кийин калыпка келүү" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен семирген да, арыктаган да жокмун. Бир айдан ашык күнү-түнү ичимди тысырайтып таңып жүрдүм, баарына чыдаш керек. Азыр жакшы 2 балам бар ичим мурдагыдай эле. Анан да сууктан сактаныш керек, денеге жел кирсе өтө семирип кетет. Жайында төрөгөндөр абайлаш керек өзгөчө ысык болуп денеге жел киргени билинбейт".

"Менин 2-балам 10 айлык болду. Күндө 50-70 жолудан пресс жасайм. Алкак (обруч) тегеретип, анан эртең менен чуркайм. Келбетим кыз маалымдагыдан да жакшы болуп келе жатат. Ичим чыкпайт. Анан ширин, майлуу, ачуу жебейм. Башкысы эрикпеш керек. Жыйынтык 2 айда билинет".

"Менин төрөгөнүмө 4 ай болду. Боюмда барда 60 килограмм болдум эле, азыр 50 килограмм болдум. Анан ичимди 40 күн таңып жүрүп эле киргиздим".

"Азыр ичти таңyyга тыюy cалат, бирoк эч кимге айтпай эле төрөгөндөн бир жyма өткөндөн кийин, бир ай ичти дайыма таңып жүрүү керек. Ичиң да калыбына келет, белиң да катат. Арыктаганга келcек, эч кандай дары-дармек ичүүнүн кереги жoк, балага зыян. Баланы жакшылап эмизип тyрcа эле yбакыттын өтүшү менен калыбыңарга келеcиңер. Бир маал ичиңерге көнүгүүлөрдү жасап тyрcаңар деле жакшы жардам берет".

"Төрөгөндөн кийин бизде кырк күнгө чейин эч нерсе кылбаш керек деген ишеним бар. Бул жалкоо кыз-келиндердин эле шылтоосу. Төрөгөн аялдын бүт организми 4 жумадан 6 жумага чейин калыбына келет. Ошол эле маалда кыргызча айтканда, кырк күндүн ичинде үй оокатын кадимкидей эле жасай берсе болот. Үй оокаты дегенде эмнени түшүнөбүз? Баланын жалаяктарын жууп, үйдүн ичин тазалоо, тамак бышыруу сыяктуу иштерди жасай берсе болот. Азыркы келиндердин жашоосу илгеркилерге караганда бир топ жеңил. Кетмен чаап, мал карабайт. Кадимки үй тиричилигин жасай албай не болуптур. Патология менен же операция менен төрөгөндөр го мейли, алар врачтардын көзөмөлүндө болушат. Ал эми өзү төрөгөн аялдар тескерисинче көбүрөөк кыймылдаш керек. Анткени боюнда бар мезгилде денедеги булчуң эттер чоюлат, ошолор жыйрылып өз калыбына келиш үчүн көп кыймылдоо талап кылынат. Көпчүлүк келиндер төрөгөндөн кийин жалкоолонуп белим ооруп калат деген шылтоо менен жата беришет. Ошондуктан отузга жетип-жетпей көпчүлүк келиндерибиздин денелери бошоп, жайылып кетет. Сулуу болуу үчүн, келбетти сактап калуу үчүн көп эмгек кылыш керек деп келиндерге кеңеш айтып кетер элем. Төрөгөндөн кийин белди бекем байлап, кыймылдуу болсоңор кайненеңерге да, күйөөңөргө да, өзүңөргө да жагымдуу болосуңар. Эскерте кетүүчү нерсе күз, жаз айларында төрөгөндөр шамалга урунуп калуудан сактанып жылууланып, жакшы тамактаныш керек. Оор нерсе көтөрбөө керек".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sultanim
2017-07-09 19:06:50
Бул тема мага убагында чыккан турбайбы мотивация блп,10кун ичинде 3-балабыз келет буюрса.
+1
ayjan_90
2017-07-09 19:32:04
Мен торогондон кийин аябай толуп кеттим ичим чыгып кеткен азыр экинчиси боюмда бар торогондон кийин ичимди байласам ичим киреби билгендер жазып койгулачы
0
Mekush87
2017-07-09 19:39:24
Менин торогонумо 3 ай болду.Ичимди тандым бирок ысыкта чыдабай кетет экенсин.Азыр кичине чыгып турат анан белим аябай ооруйт.Не кылсам болот, билгендер жазгылачы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан