Бүгүн, 7-июлда Аида Салянованын иши боюнча соттук отурумда 2010-жылы Юстиция министрлигинде башкы адис болуп иштеген Гүлмира Батырова күбө катары суралды. Ал 2010-жылы Алексей Елисеевдин арызы боюнча лицензиянын узартылышын мыйзам чегинде ишке ашырганын айтты.
“Елисеев туурасында мен такыр билген эмесмин. Себеби мен ал учурда болгону башкы адис болчумун. Анын адвокаттык лицензиясы мамлекеттик кызматка өткөндө токтотулган экен. Кайра ал мамлекеттик кызматтан бошотулганы эмгек китепчесинде көрсөтүлгөн соң биз ал лицензияны кайра узартканбыз. Менин колумда бардык тийиштүү документтер бар болчу. Лицензияны узартууга 24-июнда кол коюлган. Мен июль айынын башында эмгек өргүүсүнө кеткем, ошол учурда мени менен бирге иштегендерге келип, ишеним каттын негизинде лицензиясын алып кетишкен экен. Негизи лицензия узартууга бир жума убакыт жетиштүү болот. Бирок биз Елисеевдин лицензиясын 21 күндө узартканбыз”, - деди күбө Гүлмира Батырова.
Ал эми айыпталып жаткан Аида Салянова: "Эгер Елисеевдин үстүнөн иш козголсо, издөө жарыяланса бул адвокаттык лицензиянын узартылышына тоскоол боло алабы?” - деп суроо берди.
“Жок. Ал учурда лицензияны узартуу, токтотууга мамлекеттик жумушка киргени же мамлекеттик жумуштан бошогондугу, соттолгондугу тууралуу боюнча маалыматтар гана тоскоол болмок”, - деп жооп берди Батырова.
Прокурорлор Юстиция министрлигиндеги Елисеевдин маалыматтары камтылган жеке документтери жоголгондугу туурасындагы маалыматтарга кызыгышты.
“Мен август айында башкы прокуратурага Елисеевге тийиштүү бардык документтердин көчүрмөсүн жибергем. Елисеев тууралуу жоголгон маалыматтар бүт эле көчүрмөлөрдөн турган. Ал жерде паспортунун, дипломунун, өмүр баяны, лицензиясынын көчүрмөсү гана болгон. Аны ар кандай шартта кайра ордуна койсо болот. Ал жерде эч кандай баалуу документтер болгон эмес”, - деди Батырова.
Ал эми күбө Жылдыз Мамбеталиева жумушуна байланыштуу сотко келе албаганын прокурорлор билдиришти. Мындан улам соттук отурум 10-июлда улана турган болду.