Бишкекте кыска юбка, шорта кийген кыздардын жөө жүрүшү борбордук мечиттен жыйынтыкталды

Бишкекте кыска шортачан кыздардын жөө жүрүшү “Айчүрөк” соода борборунан башталып борбордук мечитте жыйынтыкталды. Жүрүшкө катышкан айымдар, кийим тандоо ар бир адамдын өз укугу экенин, кыска же узун кийүүгө чектөө, же милдеттеме каралбаганын билдирүүнү максат кылышкан. Демилгечилер коомдо адамдарга кийимине карап мазактап же милдеттендирүүсү туура эмес деген пикирде.

Демилгени уюштурган Гүлайым Айылчы “Кыргызда аялдар өз эрки менен кийинүүгө укуктуу. Бирок кээде кыска көйнөк же шорта кийсе айрымдар ыймансыз деп аташат. Бул туура эмес”, - дейт.

Акциянын уюштуруучулары буга чейин эркин кийинип жүргөндүктөн орой мамилеге туш болгонун айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (77)
Nendi15
2017-07-08 00:40:21
Мечитке барышканынын себеби биздин өзүбүздүн укугубуз кантип кийинебиз өзүбүз билебиз деп ХХХ мактанганы барганы го деп ойлоп калдым.Мечиттегилер көрүп алгыла биз хиджаб кийбейбиз дешип....Аллах баары көрүп турат ошону унутпайлы
+7
mbmur
2017-07-08 00:43:25
Кыргызда өз эрки менен кийинген дегенди каерден окуп келди экен.Бул орустар бизге келгенден кийин башталган нерсе.Же чон энен ошондой кийинди беле менимче жок.Же көрдүн беле Курманжан Датка, Уркуя жана баардык эле энелерибиздин жарым жыланач түшкөн сүрөтүн.Супер Инфо ушул аялды түз эфирге алып келгилечи.
+8
kyrgyz-patriotu
2017-07-08 00:54:30
Айнанайын кыргыз кыздары Адам бойдон калалы. Адамга эн кымбаты кун сайын адам болуу - деп раматылык улуу жазуучу атабыз Чынгыз Айтматов айтты эле.
+6
Truelensk
2017-07-08 03:27:17
Тиги картан экоонун сандары эскирип деле калыптыр.биринчисине акылды деле боюндай берсе болмок.булардын куноосу озулоруно эмес балдарына тиет.
+3
Jusupovich1989
2017-07-08 08:18:16
ыштанынарды чечип башынарга кийип алгыла эми биротоло
+2
AykaMer
2017-07-08 08:46:16
Биринчи турган кыз бутун корсотуп ачылат го озунчо эле... Антип турбаса деле корунуп турат да... Слишком кыска кийинген жарашпайт да негизи,айрыкча жамбашы чондорго лезвия тийгизсен айрылчудай болуп тасырайып турат. Ошентип турса эркек дуулукпой,эшек дуулугот беле..?!
+2
Amai
2017-07-08 09:29:11
Акыры замандын башталышы аял эркектин айырмасы билинбей калат деп айтылган канчалаган жамандыктар бары элибиздин пеели бузугунан болуп жатат.
+4
Hadyja
2017-07-08 09:53:54
Оз эрким деп жыланачтыкты тандашканына тан калдым.Кылаарга кызматы жок аялзаты окшойт да.Алардын эркин бироо тебелеп аткансып.Кызык адамдар коп эле...
+3
almanbetovna
2017-07-08 10:10:34
Бизде баары демократия жада калса кийингенине чейин озубуз билебиз дешип, уялбай чыгышат. Улуу эле эжелер экен, кыздарынарга кандай тарбия бересинер?
Куйоо балдарынар эмне дейт? Келининерчи?
Силердин жолдошунардын жанында кыска шортигин кийип журсо силерге кандай корунот? Ысыктан сактоочу толтура женил узун кийимдер бар. Кудайым ыйман берсин!
Озбекстанда журсонор корот элем, кыска кийингенди, ал эле эмес мусулман кыздарынын чачын сарыга боегонго уруксат беришпейт.
+5
tasnim
2017-07-08 13:31:08
Мен тушунбодум бул 4 акмак эмне учун именно мечитке барды?
+3
nurali1989
2017-07-08 14:46:04
Эми жыланач журуш кылгыла. Ошондо аябай популярдуу болосунар. Атын чыкпаса жер ортто болуптур да. Мусулман олко болгондон кийин, уят сыйын билиш керек да аял адам
+1
alhamdu
2017-07-08 14:49:08
Ушу тортоолеби,жоо журуш десе коопту элестеттим эле
0
Ayida
2017-07-09 00:09:47
Аллах Таалама каршы турупсунарда.Эми бир балееге кабылбасанар болду
0
nazira...
2017-07-10 09:29:09
Кие бергиле, неге мечиттин жанына бардынар дейм да.омур бою унутпай турган болуп, эсинерден кеткис так болуп, окунуп калбасанар эле болду.
0
Atyrgul84
2017-07-10 10:08:48
жарым жылаңач кийингендер албетте ыймансыз деп аталат. Денендин канча жерин тозок отуна күйүшүн кааласаң, ошончо ачык кийинсең болот. Кантип уялбай кыска кийинесиңер жок дегенде өзүңдү сыйласаң боло ал заты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан