Ысык-Көлдө суунун учурдагы экологиялык абалы нормалдуу экенин изилдөө көрсөттү

Ысык-Көлдө суунун учурдагы экологиялык абалы нормалдуу экенин изилдөө көрсөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-майдан 4-июнга чейин Ысык-Көлдө суунун сапатына гидрохимиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Анда адистер көлдүн экологиялык абалына баа беришип, мурдагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына салыштырышкан. Изилдөө жүргүзгөндөр Ысык-Көлдүн бүтүндөй акваториясындагы 16 пункттан суу алышкан. Жыйынтыгында көлдүн суусунун булгануу деңгээли жогору эмес экендиги аныкталган.

"Көлдөгү кычкылтек режими канааттандырарлык экени аныкталды. Андагы аммоний, нитрит жана нитрат азоттору, минералдык фосфор минималдуу болуп, нормадан ашкан эмес" , - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2017-07-07 19:22:57
А асфальт кочолорго да конул бурулабы билип бериниздерчи сураныч. Ысыкта кочолор деформацияланып ээрип кететко. Окмот чара коробу? Москвада суу сээп турат экен.
0
Kuba-savai87
2017-07-08 15:02:37
abusait москвада ушундай кун
ысыйбы озу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан