Германиянын Гамбург шаарында Владимир Путин жайгашкан мейманкананын сакчыларына кол салуу болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты

Германиянын Гамбург шаарындагы Владимир Путин жайгашкан мейманкананын сакчыларына кол салуу болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Бул мейманканага Орусиянын президенти Владимир Путин, Австралиянын премьер-министри Малкольм Тернбулл жана Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин жайгашкан.

Алгач мейманкананын сакчыларына кол салуу болгонун Германиянын басылмалары жазып чыгып, полицияга кайрылышкан. Бул маалымат боюнча орус маалымат агенттиктери Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго кайрылышканда, ал бул окуя тууралуу маалымат берилбегендигин айткан.

Айта кетсек, учурда Гамбург шаарында чоң жыйырмалыктын саммити өтүп жатат. Саммит глобалдашууга каршы митингге чыккандардын баш аламандыгы менен коштолуп жатат. Жалпыга маалымдоо каражаттары буга чейин активисттер менен полиция кызматкерлеринин кагылышуусунан улам 130дай полиция кызматкерлери жаракат алганын жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан