Германияда Дональд Трампты жалаягы толгон ымыркайга айлантышты

Германиянын Гамбург шаарындагы Эльба дарыясынын үстүнө Дональд Трамптын ымыркайдай көрүнгөн 7 метрлик айкелин тургузушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялады. Маалыматта айтылгандай, айкелди дүйнөдөгү ири 20 өлкөнүн башчылары катышкан саммиттин алдында активисттер даярдашкан.

Айкелде кичинекей ымыркай жалаягы толуп, кыйкырып жатканы сүрөттөлгөн. Анын 2 колунда климат боюнча Париж келишими 2ге бөлүнүп айрылган кагаз турат. Муну менен активисттер бул келишимди эртерээк ишке ашырууга чакырышкан.

"Ири 20 өлкөнүн башка башчылары Дональд Трамптын чоңоюшун күтө албайт", - деген климат боюнча германиялык адистердин бири. "Калган 19 өлкөнүн мамлекет башчылары мунай, газ, көмүр сыяктуу маселелерди артка калтырып, климат боюнча чечимдерин айтышы керек", - деген ал.

Июнь айында Трамп климат боюнча Париж келишими өлкө үчүн пайдасыз экенин айтып, келишимден чыга турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Michelangelo
2017-07-08 10:16:42
Трамт )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан