Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 7-июлда Кытай Эл Республикасынын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Өкмөт башчы Кыргыз мамлекети Кытай менен ветеринардык жана фитосанитардык тармагында эки тараптуу кызматташтыкты колдой турганын белгиледи.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытай менен айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, мал чарбасын өнүктүрүү жана экспортту өстүрүү менен байланышкан биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштады. Ошону менен бирге Кыргыз мамлекети Кытай Эл Республикасына эт, сүт балык жана башка айыл чарба продукцияларын экспорттоого даяр экенин белгиледи.
"Кытай тарап менен биздин алдыбызда турган тапшырмаларды чечүүдө кызматташууга өз ара пикир алышууга жана жемиштүү иштешүүгө ачыкпыз", - деди Жээнбеков.
Өз кезегинде Кытайдын товарлардын сапаты, көзөмөл, инпекция жана карантин үчүн көзөмөл боюнча башкы башкармалыгынын министри Чжи Шупинг Сооронбай Жээнбековго жолугушуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал Кытай өкмөтү Кыргыз менен эки тараптуу, анын ичинде айыл чарба тармагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани бере турганын белгилеп өттү.