Кытайдын Гонконг, Чжуай жана Макао ири шаарларын байланыштырган дүйнөдөгү эң узун деңиз көпүрөсүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Көпүрөнүн ачылышы 2017-жылдын аягына белгиленген. Узундугу 55 чакырымдан ашык, 7 чакырымы жер алдынан өтүүчү тоннель аркылуу кеткен ири курулуш 7 жылда аягына чыккан. Көпүрөнүн курулушуна 420 миң тонна болот пайдаланылган. Бул металл Париждеги Эйфель мунарасынан 60 даананы курууга жетмек. Курулуш компаниясы көпүрө бардык технологиялык текшерүүлөрдөн өткөнүн, бир канча айдын ичинде аны колдонууга бере турганын жарыялады.
120 жылдык мөөнөткө сунушталган курулуш 8 баллдык жер титирөөгө, саатына 180 чакырым ылдамдыктагы шамалга туруштук бере алат.