Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" ишканасы автоматташтырылган унаа жуучу жайга ээ болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жуучу жайда күнүнө 10-15 унааны жууганга мүмкүнчүлүк болот. Учурда ишкананын өзүнүн 50 атайын техникасы бар. Ошондой эле жүк ташуучу, көчө шыпыргыч, шаарды жашылдандыруу кызматкерлери болуп баш-аягы 500дөн ашуун адам эмгектенет.
Андан сырткары маалыматта ишкананын башка бир топ бөлүмдөрүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканы да айтылат.