ЖЫЛНААМА, 8-ИЮЛЬ: Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнора Каримова 45 жашка толду

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун улуу кызы, коомдук ишмер, дизайнер Гүлнора Каримова 45 жашка толду. Ал 1972-жылы 8-июлда Фергана өрөөнүндө төрөлгөн. 1988-жылы Ташкентте математика мектебин бүткөн. 1989-жылдан 1994-жылга чейин Ташкент мамлекеттик университетинин (азыркы Өзбекстан улуттук университети) эл аралык экономика бөлүмүндө окуган. Ал эми 2000-жылы Америкадагы Гарвард университетинен магистр илимий даражасын алган. Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор. Гүлнора Каримова Googoosha деген лакап ат менен эстрада ырчысы катары дагы таанымал. 1995-жылдан баштап Өзбекстандын тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп иштеген. Андан сырткары Өзбекстандын Америкадагы, Орусиядагы, Швейцариядагы жана Испаниядагы элчиси кызматтарын аркалаган.

2014-жылы коррупциялык иштерине байланыштуу үй камагына алынган. Г.Каримова Мансур Максуди аттуу ооганстандык этникалык өзбекке 1991-жылы турмушка чыгып, 10 жылдан кийин ажырашып кеткен. Ислам аттуу уулу жана Иман деген кызы бар.

8-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mirbek2211
2017-07-09 01:28:24
админ Гульнаранын 2016-ж сентябрь айында өз батиринде газга ууланып өлгөнүн жазып чыктынар беле жанылбасам.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан