Кадамжайдагы Ала-Кыш айылында суу көйгөйүн 7 жылдан бери чечпей, жергиликтүү бийлик кош көңүл кароодо

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында сугат суу көйгөйү чечилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун Тилебалды Абдрахманов билдирди.

"Ала-Кыш айылындагы сугат суунун көйгөйүн чечүүдө Үч-Коргон айыл өкмөтү, район акими, облус жетекчиси кош көңүл мамиле кылып жатат. Жетекчилер кемчиликти көрүп турса да ишти аткарбай жүрөт. Алардан ишти аткарат деген үмүт үзүлдү. Айылда 400дөй түтүн эл жашайт. Жогору тараптан агып келген суу кыштактын ылдыйында жашаган 77 түтүн элге жетпей элдин ортосунда жаңжалдашуулар көбөйдү. Элдин ынтымагы кетип, бири-бирин укпай калды. Ким кааласа арыктагы сууну буруп кетет. Маселени чечип, элди ынтымакка чакырып кезектешип ичүүгө эч бир жетекчи аракет кылбай жатат. Бул эң жөнөкөй иш, баш катырган математика эмес, чече албай кыйналгыдай", - деп билдирди Абдрахманов.

Тилебалды Абдрахманов акыйкатты айтып массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка кайрылганы үчүн айыл өкмөт башчысы жемелеп жатканын айтты. Анын билдиришинче, бүгүнкү күндө элге түшүндүрүү иштери да жүргүзүлбөй жатат.

"Өлкөнүн тиешелүү жетекчилерине кайрылып ишти аткарта албай койдум. Акырында президент Алмазбек Атамбаевге да кат менен кайрылгам, бирок андан да жооп болбой жатат. Мен ага чоң ишеним менен кайрылган элем. Айылдагы көйгөйдү аксакал болуп мен айтпасам, ким айтат? Быйыл 70 жашка чыктым. Келечек муун аз убакыттын ичинде суу талашып чабышып баштайт. Муну айыл өкмөтү билбей жатат. Мен өмүрүм өткөнчө айылдын суу көйгөйүн чечүү менен күрөшөм", - деп кошумчалады Абдрахманов.

Кадамжай тургунунун суу көйгөйү боюнча президентке кайрылуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akylbek57
2017-07-09 14:53:38
Эн эле туура маселени которупсуз Тилебалды ава! Сизге чон рахмат. Ушул айылда таза суу маселеси да чечилген эмес. Суу тутукчолору жок.Эл арыктан суу ичишет. Элдин сууга болгон мамилеси начар, себеби арыкка кир чайкашат, малын кечирип сугарышат жана туркун ыплас нерселерди ташташат. Жугущтуу оорулар менен оругандар ушунун кесепетинен жок эмес.
0
akylbek57
2017-07-10 05:44:10
Админ бул айылдын аталышы "Валакыш" болуп журот документтерде. Тилебалды авабызга "Алла" ыраазы болсун! Болочок жаш муундардын, элдин койгоюн чечем деп чечипсиз, сизди "Алла" колдосун, эл сиз менен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан