Баткен облусуна караштуу Айдаркен шаарында 15-майда сел жүргөн жерге 15-20 күндүн ичинде бетон куюлуп баштайт. Бул туралуу SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай районундагы бөлүмүнүн башчысы Руслан Айтиев билдирди.
"Бизде негизи сел көп жүрүп жатат. Ага байланыштуу кайсы бир жерге өзгөчө көңүл бура албайбыз, баары планга киргизилип ал жердеги маселе толук чечилгидей болуусу зарыл. Айдаркен шаарындагы 15-майда сел жүргөн жердин азыр документ иштери бүтүп, планга киргизилди. Буга чейин сел жүргөн сай кеңейтилип бетон куйганга даяр болуп калган. 15-20 күндүн ичинде бетон куюп баштайбыз", - дейт Руслан Айтиев.
Эскерте кетсек, буга чейин окурман "Айдаркен шаарында 15-майда сел жүрүп, 4-5 үйдү суу каптаган. Өкмөт сел жүргөн сайды кеңейтип беребиз, бетон куюлат дегенден бери 2 ай болду. Ушул бойдон калып калабы деген коркунуч бар", - деп билдирген.