Бишкектеги "Ататүрк" сейил багында 200гө жакын адамдын катышуусунда "ColorFest" боёк фестивалы өтүүдө. Кызыктуу фестивалга келгендер бири-бирине ар кандай түстөгү боёкторду чачып, сейил бактын ичи шаңга бөлөндү. Иш-чараны музыкалык шоу-концерт, оюндар коштоп жатат.
Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль жаштарды бириктирип, алардын өз ара ынтымагын бекемдөөгө, баарлашуусуна көмөк көрсөтүүнү максат кылат. Боёк фестивалы борбор калаада буга чейин былтыр биринчи ирет өткөрүлгөн.