Дин аалымы Чубак Жалилов 4-июль күнү АКШнын Чикаго шаарындагы Кыргыз жарандары менен жолугушту. Аталган шаардагы "Кыргыз коомдук борбору" уюму тарабынан уюштурулган илимий сапар учурунда Чубак Жалилов мекендештерибизге дин тууралуу айтып, алардын бир катар суроолоруна жооп берди.
Буга чейин да Кыргыз мусулмандарынын муфтийи Максат Токтомушев АКШга барып, Кыргыз жарандары менен жолугушкан болчу. Ошондой эле Нью-Йорк шаарындагы католиктердин чиркөөсүндө азан айткан.