Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Темир-Жол аймагында бир адам Шархан-Сай дарыясына агып кеткен. Кийинчерээк анын өздүгү такталып, ал 61 жаштагы Кызыл-Шарк айылынын башчысы Адахам Султанов экени такталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Султанов жума намазына баратып дарыядан өтүүгө аракет кылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аны издөө иштерине куткаруучулар, жергиликтүү тургундар чыгышкан. Бүгүн агып кеткен Адахам Султановдун сөөгү коңшу Өзбекстандын аймагынан табылып, учурда анын сөөгүн Кыргыз жерине алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Жергиликтүү бийлик учурда чек арада тийиштүү документтер толтурулуп жатканын кабарлады.