Бүгүн Орусияда сүйүү жана үй-бүлө күнү белгиленүүдө. Зоопарктагы сүйүүгө туруктуу жаныбарларга саякат

Москвадагы зоопаркта кармалган жаныбарлардын ичинен мамилеге эң туруктуулары пил, сүлөөсүн, карышкыр, арстан жана илегилектер. Маалыматты РИА Новости агенттиги зоопарктын кызматкерлеринен Орусиядагы үй-бүлө, сүйүү жана туруктуулуктун күнүнө карата алышкан.

Православдардын салтындагы Петр жана Феврония майрамы 500 жылдан ашуун убакыттан бери белгиленип келет. Анда Петр жана Феврония үй-бүлөнүн коргоочу, сактоочулары деп сыпатталат. 2008-жылдан тартып бул күн светтик майрам катары кабыл алынган.

Зоопаркта көп жылдан бери чогуу жашагандар пилдер. Бул түгөйлөр зоопаркта 31 жылдан бери бирге жашайт. Бул убакытта алар кичинекей 3 пилди дүйнөгө алып келишкен.

"Ал эми арстандар 4 жылдан бери чогуу жашайт, башында арстан түгөйлөрдүн мамилесинде көйгөйлөр жаралчу. Бирок биздин адистер аларды жоюу аракеттерин көрүштү. Аракеттерибиздин жыйынтыгы жакшы болуп, алар азыр 2 балалуу болушкан. Ал эми сүлөөсүндөр боюнча айтсак, алар жаратылышта болсо жалгыз жашашат, сүлөөсүндөр табиятынан жалгыз жашаган жаныбарлар. Бирок биздин зоопарктагы сүлөөсүндөрдө өзгөчөлүк болуп жатат, бул түгөйлөр 6 жылдан бери чогуу бир тордо ынтымакта жашап келет", - дейт зоопарктагы кызматкер.

Мындан тышкары 2 илегилек 15 жылдан бери бири-бири менен болгон жакшы мамилесин үзбөй келе жатат. Акыркы 4 жылдан бери жыл сайын тукум калтырып, жөжө чыгарууда.

"Карышкыр түгөйлөрдүн мамилеси ары суктанарлык, ары аянычтуу. Анткени ургаачы карышкыр бөлтүрүк чагында капканга түшүп калган экен. Бир буту жанчылган, бир топ аксайт. Дөбөтү ага кам көрүп, тапкан азыгын тең бөлүп, ынтымактуу жашап келет. Кээде адамдарга үлгү болчу мамилени биз жаныбарлардан көрөбүз", - деп кошумчалайт зоопарктагы адис РИА Новостиге берген маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RusMos76
2017-07-09 13:45:44
Сулоосун кантип кобойот жалгыз болсо, же зоопаркта эле жалгызбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан