Базар-Коргондо жол тосууга аракет кылган Текебаевдин тарапташтарына 3 миң сомдон айып салынды

"Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жол тосууга аракет кылган адамдарга айып салынды. Алар Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары", - деп маалымдады бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан Мыктыбек Турдубаев.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-июль күнү саат 14:00дөр чамасында Базар-Коргон районунда Бишкек-Ош унаа жолунун четинде Текебаевдин тарапташтары тарабынан тигилген 2 боз үйдүн жанына 25тей адам чогулган.

"Жол тосууга аракет жасаган 6 адам Базар-Коргон райондук милиция бөлүмүнө алып келинген. Аларга административдик протокол түзүлүп, чечим кабыл алуу үчүн райондук сотко жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында сот 5 адамга 3 миң сомдон айып салды. Учурда коомдук саясий абал туруктуу", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
33SUUN
2017-07-08 17:42:57
Жолду тоспо!тоспоо деп канча айтам силерге.Жолдогу жолоочуларда эмне куноо?50 мин сомдон айып салыш керек мындайларга.
0
CEO
2017-07-08 19:19:56
33SUUN, сен туура эмес айтып жатасын! Эч ким жыргананынан жол тоспойт. Башка жерге чогуласынбы, боз уй тигип 1 жыл жашайсынбы же Акуй астына барып озунду орттойсунбу, бийлик эмне болуп жатат деп кызыгып да койбойт. Ошондуктан эл акыркы чара деп жол тосууга барууда! Мисалы Мырзакматов менен Жапаровко коюлган куноолор сфабрикованный!!! Мен лично, ошол 2 адам учун жол тосууга бармакмын, мени копчулук колдосо... Анткени 5-10 адамдын колунан эч нерсе келбейт..
+1
CEO
2017-07-08 19:25:43
33SUUN, 2013-жылы жайында К.Ташиевдин тарапташтары Ош-Бишкек жолун тосуп туура кылышкан. Ага чейин, т.а. Ташиев, С.Жапаров, Мамытов камалган кундон тарта ара кундо уюштурулган митингдер, баатыр энелердин ачарчылык жарыялашын бийлик сезип да койбогон. Качан гана алардын тарапташтары сабыры тугонгондо копчулук болуп Ош - Бишкек кан жолун бууп, бийликке ошондо гана элдин уну, талаптары жетип, бийлик кочугун козгогон.

Акыйкаттыкка жетуу учун жол тосуу элдин акыркы умуту!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан