Канада өлкөсүнүн премьер-министри Жастин Трюдонун 3 жаштагы уулу Гамбургда өтүп жаткан саммиттин жылдызына айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Жастин Трюдо Германиянын Гамбург шаарында өтүп жаткан "Чоң жыйырманын" саммитине жубайы Софи жана 3 жаштагы уулу Адриан менен бирге келген.
"Өкмөт башчынын шок, сүйкүмдүү уулу иш-чаранын фото жылдызына айланды. Атасына куюп койгондой окшош бала сүрөтчүлөргө колуна гүл кармап алып ар кандай акыбалда сүрөткө түшүп берип, саммиттин конокторун кызыктырды. Социалдык тармактардын колдонуучулары Адрианга "Канаданын кичинекей керемети" деген лакап ат ыйгарып коюшту", - деп айтылат маалыматта.