Өзбекстан менен Тажикстанда күн +47 градуска чейин ысышы маалымдалды. Европада ысыктан көз жумгандар катталды

Кыргыз жеринде 7-9-июль күндөрү күндүн кескин ысышы күтүлөрүн гидрометеорология агенттиги буга чейин эскерткен болчу. Маалыматта өлкө аймактарында ысык +42 градуска чейин болору айтылган. Учурда күтүлгөн аба ырайы өлкөнүн аймактарында, Бишкек шаарында байкалууда.

Бишкекте мындай аба ырайы 1983-жылы 30-июлда катталып, анда күндүн ысышы +42,8 градус болгон. Андан кийин 1997-жылы +40 градус, 2015-жылы 16-июлда +44 градус күтүлгөн.

Адистер Кыргыз мамлекети менен удаа эле бир канча өлкөлөрдө күндүн кескин ысышы күтүлөрүн эскерткен. Алардын катарында Өзбекстан, Тажикстан Түркмөнстан, Иран бар.

Маалыматка караганда, бул жумада Өзбекстанда күн +45 градуска чейин ысыйт. Коңшу өлкөдө күндүн ысышы 2-августка чейин уланышы күтүлөт. Аталган өлкөнүн гидрометеорология кызматы кескин күндүн ысышы Өзбекстандын айрым аймактарында +43 +45 градуска чейин жетери күтүлүп жатканын айтты. Ага ылайык, калк жашабаган чөлдүү аймактарда абанын температурасы +47 градуска чейин жетет. Мындай аба ырайы июль айынын этегинде Өзбекстандагы 10го чукул облустарында жана борбору Ташкентте да байкалышы күтүлүүдө.

Тажикстанда күндүн ысышы +47 градус болору айтылды. Бирок айрым жергиликтүү маалымат булактары өлкөнүн кээ бир райондорунда күн +50 градуска жетип жатканын жазууда. Маалыматта коңшу өлкөдө күндүн ысышы июль айынын башында байкалганы айтылат.

Ал эми Европа өлкөлөрүндө күн ысып, адам өмүрүнүн кыйылышына алып келди. Грециянын Крит аралында өткөн аптада күн +46 градус болуп, андан жабыр тарткан улгайган жаран ооруканага жетип каза тапкан. Мындан тышкары күндүн нурунан жабыркаган 27 адам ооруканага түшкөн. Грецияда 3-июлга чейин 4 күн катары менен күн +40 градуста кармалган. Ушул жуманын башында күндүн табы кайтып +33 градуска чейин түшкөн.

Ал эми Чехияда июнь айынын соңунда +38 градус болуп, бир канча министрлик-мекеме ишканалар жумуш убактыларын кыскартышкан.

Июнь айында күндүн ысышынан Болгарияда 5 адам набыт болгону кабарланды. Мурда болбогон ысык аба ырайы Румыния, Улуу Британия, Голландия, Бельгия өлкөлөрүндө катталды. Евробиримдик мамлекеттик кызматкерлерге убактылуу костюм жана галстуктан баш тартууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
dirol
2017-07-08 20:07:07
Москвада +11,кунду сагындык((()
+7
Glucke
2017-07-08 20:26:27
Tursiyada 48+ 50+ bolup jatat go((
+1
Omurbek998
2017-07-08 20:33:44
Кудай сактасын ар кандай олумдордон салкында жаткыла кочого чыкпай Россиядагылар кунду сагындык
+3
Leilek-razzakov
2017-07-08 21:35:43
Москвадагылар быйыл жай корбойт окшойбуз.
+7
muhsina
2017-07-08 21:58:05
Leilek-razzakov, жай эмес жазды унутуп калат окшойбуз быйыл.
+5
omka100514
2017-07-08 21:40:14
Кун ото эле ашыкча ысып атат, вентилятордун тубундо эле жан сактап калдыкго
+1
Aselya_9105
2017-07-08 22:42:17
Кудай сактасын.
+1
Take_men
2017-07-08 22:59:51
Бизде кечээ бугун 42-44 болуп атат. Аны эч ким айтпайт го
0
nur_zhoni
2017-07-08 23:27:44
Мен Екатеринбургдамын кундо жамгыр бизде
0
Aser80
2017-07-08 23:51:14
Аа эми тушунуктуу Москвада быйыл эмнеге ысабай жатат десе ысыктын баары ошол жактарга кетиптир да.Москвада кундо жамгыр, суук.
+4
beka666
2017-07-09 15:51:52
Ошол ысык Москвага келсе жакшы болмок
+1
Su.Zeyd_89
2017-07-09 15:55:07
Биз Ивановский областабыз. Жайды 2 эле кун кордук чынын айтканда. Бизде жаз же куз. 13до поезд менен Бишкеке сапар тартат элек Казакстандын чолу канча градус болду экен. Поезд м кыйналбайбызбы билгендер кенеш бергилечи
0
barakcha
2017-07-09 18:10:59
Su.Zeyd_89,поезд менен кыйналып каласынар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан